1-апрель күнү Сузак районунда 1979-жылкы Шатырак айылынын тургуну күйдүргүгө шектелип катталган.

14-апрелде Ош облустук чумага каршы бекетинин лабораториясында жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы менен ооругандыгы аныкталып, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда, азырынча абалы орто.

Райондук жарандык коргонуунун медициналык кызматы тарабынан контакта болгон жарандардын арасында көзөмөл жана профилактикалык иштер аткарылууда деп ӨКМ кабарлады.

Азыркы учурда дарыгерлер Шатырак айылынын тургуну кандай себептер менен ооруп калгандыгын аныктоодо.