Түркиянын Стамбул шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун 13-саммити болуп өттү. Анда Иран-Сауд Арабия чыңалуусу, террор жана исламофобия күн тартибинде орун алды. Кыргызстандан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышты.

Ошондой эле Сириядагы жарандык согуш, качкындар маселеси, Европада күчөп бара жаткан исламофобия (исламдан коркуу), мусулман өлкөлөрүндөгү күчөп бара жаткан радикализм маселелери каралды.

Бир кылымга жакындап калган Палестина менен Йерусалим маселесин чечүү, жакырчылык менен күрөшүү, терроризм,  радикализм, экстремизм  жана сепаратизмдин алдын алууну талкуулашты.

Ошондой эле Ислам кызматташттык уюмунун таасиринин арттырылышы үчүн Тоолуу Карабак маселесин чечүү жана мүчө өлкөлөрдүн арасындагы келишпестиктердин чечилиши үчүн сүйлөшүүчү топтор түзүлдү.

Сүрөт: wikipedia.org ИКУга мүчө өлкөлөр.
Сүрөт: wikipedia.org ИКУга мүчө өлкөлөр.

Жыйын соңунда соңку айларда дүйнөдө кырдаал курчуп бара жатканын, террордук топтордун жардырууларына жол бербөөнү талкуулашты. Орусия менен АКШнын орток саясатты жүргүзүшү, жалпы мусулман өлкөлөрүнүн саясатынын жакшырышы дүйнөдөгү абалды турукташтырууга дурус кадам болуп саналаарын белгилешти. ИКУ дүйнөдөгү кризисти чечүүнүн жолун көрсөтөт. Ошондой эле ислам өлкөлөрүнүн жана ислам мамлекеттеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен дүйнөлүк саясат жүргүшү керек экендигин белгилешти.

Чыңалуу болуп жаткан Иран жана Сауд Арабия саммитке жогорку деңгээлде катышты. Сауд Арабиянын күн тартипке алып чыккан жана арасында Түркия да орун алган 34 өлкө катышкан Ислам армиясын куруу демилгеси, Рияд менен Тегерандын ортосундагы абалды да орчундуу кылды.

Бул самитте Иран президенти Рухани жана Сауд Арабиянын падышасы Саламан Стамбулдагы Ислам кызматташтык уюмунун самитинде  капыстан бетме-бет келишти.

Түркиянын президенти Эрдоган мусулмандардын үнүн көтөрүш үчүн баардык аракеттерди жумшап биригүү керек экендигин белгиледи.

56 өлкөдөн өкүлдөр катыша турган саммитте 33 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келди. Кыргызстандын атынан тышкы иштер министр Эрлан Абдылдаев катышты. Кыргызстандагы ар кандай коркунучтардын алдын алууда, биргеликте өнүгүүдө бул уюмдун орду чоң.