Орто аралыкка багытталган ракета өлкөнүн чыгыш жээгинен учурулмак. Бирок, кандайдыр бир себептерден ал ордунан жылбай койду. АКШ коргоо министрлигинин айтымында, ракетаны учуруу аракети оңунан чыкпай калды.

Түндүк Америкалык аба-космос коргонуу жетекчилигинин маалыматы боюнча, ракеты АКШ үчүн коркунуч жаратпайт эле.

Түштүк Кореялык Yonhap басылмасы жарыялагандай, Мусудан ракетасы 3000 чакырым аралыкты басып өтө алат. Аны учуруу КЭДРдин түптөөчүсү Ким Ир Сендин туулган күнүнө арналган деп айтылууда. 2012-жылы дагы 15-апрелде баллистикалык ракета учпай калган деп РБК жазды.