Бир жыл ичинде президенттин үй-бүлөсү $81 миң салык төлөгөн.
АКШнын Ак үйү жарыялаган билдирүүсү боюнча, 2014-жылга караганда Обамалар былтыр 41 миң долларга азыраак киреше табышты. Ошентсе дагы, алар 34 уюмга $64 миң кайрымдуулук кылышты деп Slon жазып чыкты.
Буга чейин 2015-жылы көргөн кирешесин Орусия президенти Владимир Путин жарыялаган эле. Былтыр ал 8,9 млн рубль тапканы айтылган. АКШдагы кесиптешинен айырмаланып, Путиндин кирешеси бир жылда 1,2 млн рублга өскөн.