Курман болгон аскерлердин энелери Армения Коргоо министрлиги алдында нааразылык акциясына чыгышты.

Армения басма сөз агенттигиниде көрсөтүлгөн видеодо «Балам Карабакта эмне үчүн өлдү» деген армян энелеринин колунда кармаган плакаттарды көтөрүп тургандыгын көрүүгө болот.

Карабакта каза болгон балдарынын сүрөтүн колдоруна кармап турган аялдарды полиция кызматкерлери тарап кетүүнү талап кылган. Аялдар эмне үчүн балдарынын өлгөндүгүн тастыктоону талап кылышкан. Полиция кызматкерлери нааразы болгондорду тынчтандырууга аракет кылган, бирок андан натыйжа чыкпай, арасында кагылышуу чыгып, мушташа кетишкен.

Эске сала кетсек, апрель башында Азербайжан менен Армениянын Тоолуу Карабактагы кагылышуусунан 300дөй армян аскери курман болгон.