Бүгүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мелис Турганбаев министрликтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалымат берди.

“Элдин бийликке болгон ишеними милициянын жүргүзгөн ишине көз каранды. Ошондуктан укук коргоо органдарынын ишин реформалоону улантуу керек”, -дейт премьер-министр.

Ошондой эле жаңыдан ишке кирген Патрулдук милицянын ишин  жакшыртуу жөнүндө да сөз болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү