Президент Алмазбек Атамбаев Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираоканы кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүгүү банкынын ортосунда инфраструктура, энергетика, айыл чарба жана билим берүү чөйрөлөрүндө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча  кызматташтыгынын, бир катар багыттар боюнча өз ара иш-аракеттерди андан ары арттыруу маселелери талкууланды.

Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираока Кыргызстандын өнүгүп жана демократиянын бекемделүү мезгилинде иштөө бактысы туш келгенине жана ар кайсы тармактарда орошон өзгөрүүлөргө өз көзү менен күбө болгонуна канааттанганын белгиледи.

Мамлекет башчысы жемиштүү иши жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн маанилүү долбоорлорго кошкон салымы, Кыргызстан менен Азия өнүгүү банкынын ортосундагы кызматташтыкты тереӊдеткени үчүн Рие Хираокага ыраазылыгын жолдоду.

Бөлүшүү