Азыркы учурда өлкөнүн 38 пайызын 18 жашка чейинки балдар түзөт. Ал эми социалдык төлөмдөрдү алгандар 18, 7 пайыз.

Мындай маалыматты социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев балдардын укугу жана социалдык коргоо боюнча координаталык кеңеште айтты.

«Алардын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 13,4 пайыз. 44,2 миң бала социалдык жардам, 76 миңи пенсия алат», -деди ал.

Былтыр аз камсыз болгон балдарга 705 сомдон 810 сомго чейин жардам көтөрүлгөн.
Биринчи кварталда 761,6 миллион сом бөлүнүп берилсе, мында мекеме 598,8 миллион сом бөлүп берди.