Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга балыктарды ташып кирүүдө наркы төмөн көрсөтүлгөн 20дан ашык фактыны аныктады.
Толтурулган талондордо көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, “Ак-Тилек” (Чүй облусу) контролдук өткөрмө пункту аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга алып келинген балыктардын көлөмү 374 миң 782 кг түзгөн.
Талондордо көрсөтүлгөн балыктардын наркы 1 кг — 2,6 сомдон 91,1 сомго чейин жазылган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 килограмм балыктын орточо базар баасы 300 сомдон жогору турат.
“Акылман” ЖЧК Кыргызстанга жалпы 130 миң 40 кг көлөмүндө балыктарды бир нече жолу импорттогон. Толтурулган талондордо 1кг продукт – 21 сомдон 68 сомго чейинки сумманы түзгөн.
Эсепке алынбаган товарларды ташуу, алардын көлөмүн жана иш жүзүндөгү наркын азайтуу бюджетке каражат түшпөй калуусуна себеп болду.