2005-2012-жылдар арасы тигүү тармагында өсүүнүн темпи жогору болгон. 2012-жылы экспорттолгон продукция 8 млрд сомду түзгөн. 2013-жылдан баштап төмөндөй баштаганы байкалат. Ал эми 2016-жылдын биринчи кварталында өндүрүлгөн продукция 345 млн сомду түзүп, 2015-жылга караганда 18,5%га азайган.

2015-жылы экспорт 75,7 млн долларды түзгөн. 2014-жылга салыштырмалуу 48%га кемиген. Былтыркы жылга салыштырмалуу патенттин негизинде иштеген жеке ишкерлердин саны 1118ке азайган.

Тигүүчүлөр

Модели кыйын, бирок баасы төмөн

Чакан тигүү цехинде иштеген Алтынай Алымбаева айлык акы мурун бир жумада бир берилсе, азыр эки жумадан ашып кетип жатканын айтат. Кээде жумуш дагы болбой калат. Кожоюн болсо буйрутма берген тараптын кечиктирип жатканын айтып алаксытат. Кийинки учурларда кийимдин кыйын моделдери келип, бирок баасы аз бааланып жатат дейт.

Кайчы пикирлер

Бишкектеги чакан ишкананын ээси Анна Гладышеванын азыр сегиз кызматчысы бар. Ал каатчылык мурун эле башталганын айтат:

«Үч жыл мурун эле иш солгундап баштаган. Чоң ишкананы жаап, кичинесине өттүк. Мурун Орусиянын Маскөө, Новосибирск, Екатеринбург шаарларынан үзгүлтүксүз буйрутмалар келип турчу эле. «Дордой» базарында соода болбой калгандан бери биздин кийимдерге талаптар аз болууда. Ал эми салык жана электр энергиясынын баалары болуп көрбөгөндөй өсүп кетти», — деп ишинин солгундашын эмнеге жоорурун билбейт.

тикмечилик

 

Ал эми «Легпром» ассоциациясынын менеджери Наргиз Байтерекова болсо тескерисинче каатчылык январь-февраль айларында гана байкалганын айтат. Анткени, Орусия менен Казакстандагы валюта девальвациясы таасирин тийгизди. Азыр калыбына түштүк.

«Евразиялык экономикалык биримдикке киргени жакшы жылыштар бар. Кызматташууга жол кенен ачылып, Орусиядан абдан көп буйрутмалар келип жатат. Биздин ишкана ээлери эмнегедир иштешүүгө көңүлдөнбөй жатышат», — деген оюн билдирип, бирок кадр маселеси мүчүлүштүктөрдү жаратпай койгон жок дейт.

Мигранттардын шарттары жакшыргандан бери маянасына карап жогорку квалификацияга ээ, билимдүү тикмечилер чет жерге кетип жатышканын айтат.

тикмечилик

Суроо-талап азайган

Экономика министрлигинин жеңил өнөр жай жана башка тармактары бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулова эки өлкөнүн эпкининен улам тигүү тармагы начарлай түштү деп эсептейт.

«Сатып алуучулардын саны азайып кеткендиктен, биздин продукцияга болгон суроо-талап азайды. Бирок муну Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүбүз менен байланыштырганыбыз болбойт. Биз Орусия менен алакада болуп, тигүү тармагын жакшыртуунун жолдорун издеп, ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатабыз», — дейт.