Алмазбек Атамбаев 16-апрелде Эквадордо болгон көптөгөн курмандыктарга жана олуттуу кыйроолорго алып келген катуу зилзалага байланыштуу Эквадор Президенти Рафаэл Висенте Корреа Дельгадого көңүл айтты.

 «Ушул оор учурда кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн көңүл айтам, ошондой эле курман болгондордун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүбүздү, бардык жабыркагандардын   тез арада сакайып кетишин кааларыбызды билдирип коюуну өтүнөм», — деп президенттин телеграммасында айтылат.