12-майда Г. Айтиев атындагы музейде элдик сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.

Көргөзмө «Боёктордун түстөрү менин жүрөгүмдө» деген аталышта 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына арналат.

Тематикалык көргөзмө чыгармалардын символдук 100 санын камтыйт. Көргөзмөгө келген коноктор 1916-жылга арналган сүрөттөрдү, графика жана буюмдарды көрө алышат.

Иш-чара тарых жана маданият жылына арналган иш-чаралардын алкагында өтөт.