Качкындар Түркияга өтүүнү каалап жатышат.
Мындай кабарды чек арадагы дарыгерлер уюму haberler.com маалымат агенттигине билдирген. Уюмдун бүгүн Берлинде жасаган билдирүүсүндө ИМ террордук тобу жана күрддөр көзөмөлдөгөн аймактар менен Түркия чек арасында турган сириялык качкындардын Түркияга өткөрүлбөй жаткандыгын айыптады.
Түркия бир жылдан бери бир гана оор жаракат алган сириялыктар менен ыктыярчы болуп иштеген адамдарды кабыл алып жатат. Түркия чек арасына келген сириялыктардын арасында ИМ тарабынан качкындар лагерлерин басып алынган жерден келген 35 миңге жакын киши бар.
Аймактагы жаралууларга жана оорулууларга өз ыктыяры менен кызмат кылган дарыгерлер Европа Биримдигинин качкындар боюнча саясатын да айыпташты.
Сирияда жарандык согуш Орусия жана АКШнын ортомчулугу астында Асад режиминдеги күчтөр менен оппозиция күчтөрүнүн ортосунда ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишилген. Бирок келишим Ислам мамлекети жана Аль-Нусра террордук топторуна тиешелүү болгон эмес.
Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарында Асад күчтөрү менен оппозиция күчтөрүнүн ортосундагы жаңжал өткөн аптада кайра башталган. Ок атышууну токтотуу боюнча келишим алты жумадан кийин кайра бузулуу коркунучунда.
Өкмөт күчтөрү келишимдин бузулушуна оппозиция күчтөрүнүн күнөлөп жатышат.
Ал арада Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер баардык тарапты Женевада жетишилген келишимди бузбоого чакырды деп жазат haberler.com маалымат агенттиги.