“Күйөө баланы пайгамбарыбыз сыйлаган”, — деген жакшы кеп бар эмеспи. Ошону сыңарындай күйөө бала кайын журтка барганда жаңы келген келиндердей эле сындан өтөт. Saat.kg буга чейин келиндерди сыноо боюнча жазган. Бүгүн болсо күйөө баланы сындан өткөрүү тууралуу сунуштайбыз.

Нарын

Чү, дегенде эле нарындыктар колуңузга куйруктуу кой карматат. Сойгонду гана эмес, жиликтегенди, бышырганды, андан сырткары конокторго устукандап тартканды билсеңиз ардактуу күйөө бала болосуз.

Ысык Көл

Башка жактарда келиндер жүгүнсө, көлдүктөрдө күйөө балдарын дагы жүгүнтөт экен. Конокторго  чай сундурат. Кичи пейил жана шамдагай болуп тыпылдап чай сунуп турсаңыз эле кайын журттун купулуна толосуз.

Чүй

Чүйдөн кыз алсаңыз ак кол, “городской” күйөө бала болосуз. Эгер машинаңыз болсо ары бери көп айдатышат. Айткан жерине “хоп” деп эле жеткирип турсаңыз жеңиш сиз тарапта.

Талас

Таласка барганыңызда көп деле кыйналбайсыз. Эң негизгиси балта кармап отун жарганды, самоорго чай кайнатканды билсеңиз эле жетиштүү.

Ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абаддан кыз алсаңыз жыргаганыңыз. Анткени жогорудагы макалды бул аймактагылар катуу карманат. Кайын журтка барганыңызда көрпө төшөктүн калыңына отуруп, түркүн тамактын даамдуусун жеп бир сөз менен айтканда сыйлуу конок болуп келесиз.