“Шайыр” аттуу жаран Аламүдүн районунун тургунунун 1 жаштагы кызын “багып берем” деп баланы өзүнүн наамына жаздырып алууга аракет жасаган.
Чүй облусунун ИИБинин маалыматы боюнча, кечээ кыздын апасы арыз менен кайрылган.
“Издөө”, Адам сатуу” рейдинин жүрүшүндө, укук коргоо органынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 40 жаштагы Б.Ш аттуу тургуну кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.