Улуттук Илимдер академиясында  Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” китебинин бет ачары өттү.

Президенттик аппаратынын этникалык, диний жана жарандык коомчулук менен иш жүргүзүү боюнча бөлүм башчысынын орун басары Заирбек Эргешов “Кутбилим”  чыгармасы эми орус жана англис тилдерине которуу каралып жатканын айтты.

 “Миңдеген жыл мурда бул жерде Карахандар доорунун гүлдөгөн учуру өткөн.  Бүгүнкү күндөгү терроризм, улутчулдук, экстремизмге жана башка жаман көрүнүштөргө бул улуу чыгарма жакшы бөгөт болот. Чыгарманы бала бакчадан тартып мектептерге, ЖОЖдорго атайын программа катары киргизүү зарыл” – деди З.Эргешов.

index23

Китептин маанисине, анын совет мезгилдеги, бүгүнкү күндөгү басылуу жана жайылтуу тарыхына токтолгон окумуштуулар анын көтөргөн көйгөйлөрүн  актуалдуу экендигин баса белгилешти.

“Куттуу билим” дастанын которгон Т. Козубеков, редколлегиясынын башкы редактору академик А.Акматалиев.

Китеп президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунун колдоосу менен басылып чыккан.