12 депутаттан турган эсептик-ревизиялык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын жетекчиси, «Республика Ата-Журттан» депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, төраганы шайлоого эки талапкер катышса жана алардын бири да тиешелүү добуш ала албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайра добуш берүү өткөрүлөт, экинчи тур болот.

“Добуш берүүгө депутаттар чакырылат. Эгер бир депутат эсептөө комиссиясынын ишине тоскоолдук жаратса шайлоо процесси токтойт”, -дейт М. Жээнчороев.