27-чакырылыштын биринчи сессиясында 2 маселе карашты.

Биринчи жаңы депуттарынын укуктарын таануу жана төраганы шайлоо. Сессияга 30 депутат катышып, төраганы шайлашты. Төрага жашыруун добуш берүү менен шайланды.

Жыйынтыгында «Табылга» партиясынын депутаты Эрлан Айсаракунов шайланды.

Эске салсак, 27-мартта шайлоо болуп, анда Каракол шаардык кеңешине 5 партия 7 пайыздык босогодон өткөн. Алар “Табылга”-13 мандат ,КСДП — 6 мандат, “Кыргызстан” – 4 мандат, “Республика — Ата-Журт — 4 мандат, “Өнүгүү” – 4 мандат менен келишкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү