«Тазалык» ишканасы шаардын борборунда жайгашкан эстеликтерди жууп-тазалай баштады.
Биринчи май районунда автобекет тараптагы М. Фрунзенин, Эркиндик бульварындагы Ж. Бөкөнбаевдин, Т. Үмөталиевдин, Н. Исановдун, А. Пушкин көчөсүндө жайгашкан XX кылымдын мамлекеттик ишмерлеринин аллеясындагы К. Маркс жана Ф. Энгельс эстеликтери жуулган.
Ленин районунда Ормон Хандын эстелиги жуулуп, чернобылчыларга арналган эстелик оңдолуп-түзөлдү.
Октябрь районунда болсо, Ленинград блокадачыларына арналган эстелик жуулуп-тазаланып жатат.
Бишкек шаарындагы калган эстеликтер да «Тазалык» ишканасы тарабынан тазаланып жатканын мэриянын басма сөзү билдирет.