Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даңазалоо максатында Бишкек шаардын коомдук унааларды жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

№42 каттамдагы автобус жана №8 троллейбустар жасалгаланды.

index1

Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султамбаев мэрия аталган иш-чраны колдогону аларды кубандырып жатканын айтты.

“Бишкек шаарынын борбордук аянты үй-бүлөлөрү, достору менен эс алууга келген жарандардын, ошондой эле шаарга келген коноктордун сүйүктүү жери экендиги баарыбызга маалым. Ушуга байланыштуу кооздоону Ала-Тоо аянтынан баштоону чечтик.  Жасалгалоо концепциясы Бишкек шаарынын башка жерлеринде да ишке ашырылмакчы”, — дейт Н. Султамбаев.

index

Эске салсак, көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында 3 — 8 сентябрда өткөрүлөт.