«Чоң капка унаа жол» көзөмөлдүк-өткөрүү пунктундагы жарандардын документтерин текшерүү маалында эки адам кармалган.
Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, эки жарандын биринин сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелген болуп, экинчиси ага чек араны ашып кетүүгө жардамчы болуп жаткан.
Кармалган жарандардын тийиштүү документтери катталган соң, алар УКМКнын территориалдык бөлүгүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.