«Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун уюштурган жардыруусу израилдик туристтерди көздөбөгөн, алардын максаты Түрк туризимине балта чабуу болгон.
Бул туурасында бир ай бою жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгын чыгарып жатып, Израилдин терроризм менен күрөшү бөлүмү билдирген.
Эске салсак, 19-мартта Стамбулдагы жардыруудан 3 израилдик, 1 ирандык туристтер каза тапкан.
Анти террордук бөлүм бир апта мурда Түркияда жүргөн бардык израилдик жарандарды терроризм коркунучу бардыгын билдирип, дароо чыгып кетүүгө үндөгөн деп жазат gazetevatan.com маалымат агенттиги.