Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) менен Кыргызстан келишимдин негизинде Ош шаарына футбол академиясын курууну пландап жатат.

Өздүк булактардын билдирүүсүнө таянсак, куруу иштери качан башталып, качан колдонууга берилери азырынча белгисиз. Келишимдин шарты боюнча маалыматтар купуя түрүндө болуп, азырынча жарыяланбай турушу керек.