“Азыркы адабият”, “Дүйнөлүк адабият” жана “Дүбүрт” серияларынын алкагында бир нече китептерди чыгарды.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын маалыматы боюнча, “Азыркы адабият” сериясынын алкагында, адабият айдыңында салмактуу ордулары бар акын-жазуучулардын китептери жарыкка чыкты. Алсак, Сагын Акматбекованын «Жандептер», Төлөгөн Мамеевдин “Жан дүйнө жаңырыгы”, Тойчубай Субанбековдун «Төө комдоттун уясында», Мелис Абакировдун “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, Мурза Гапаровдун “Тандалмалары” сыктуу баалуу китептер, ошондой эле Эгемберди Эрматовдун “Исфайрам аваздары” аттуу ыр жыйнагы уйгур тилинде, Ашым Жакыпбековдун «Лунная ведьма» («Айдагы жезкемпир») аттуу китеби орус тилинде жана ар муундун өкүлдөрүнөн турган 17 автордун аңгемелеринин топтому «Рассказы» деген аталышта жарык көрдү (котормочусу Таалайбек Осмонов).