Улуу муундар акыркы учурларда «жаштар бузулду, биз мындай эмес болчубуз» деп көп айтышат. Бирок бул боюнча моюнга алчу, албачу да жагы бар. Saat.kg жаш муундун артыкчылыгы жана кемчиликтерине токтолот.

Кыргызча сүйлөөдөн уялышабы?

Адегенде жаштардын биринчи кемчилиги өз эне тилине кайдыгер мамиле жасаганында. Жаштардын баарысы деп айтуу кыйын, бирок көпчүлүгү кыргыз тилинде сүйлөгөндөн уялабы же билишпейби белгисиз. Коомдук жайларда орус тилинде сүйлөгөнгө аракет кылышат. Улуу муундун айтымында, алар ССРБнын курамына болгондо да өз тилинен эч качан уялышкан эмес.

Техникалык жөндөмдүлүгү жогору

Азыркылар мурункуларга салыштырмалуу көп маалыматка ээ, заманбап техниканы бат эле үйрөнүп кетет.

Жоопкерчиликсиз

Көп нерсеге маани бербейт. Улуу муундагылар эмнени укса ошону эреже катары кабыл алып, каршы чыгалбай аткарышчу.

Ойлорун ачык билдирип, максатына жете билишет

Азыркы жаштар көк бет болушат. Бул албетте бир жагынан жакшы көрүнүш. Мурда ата- энелеринин сөзүнөн чыга албай «чабан болосуң» десе үн дебей чабан болушчу. Азыркылар өз оюн билдирип, эмнени кааласа ошого умтулууга аркет кылып келишет.

Өзүмчүл жаштар

Көп нерселерге көздөрүн жумуп коюшат. Өздөрүнө пайдалуу болсо гана ишти аткарышат.

Баары бир күндө орундалса деп кыялданат

Улуу муундагылар сабырдуу, баары акырындык менен болот деген үмүт жашашкан. Жаштар болсо чыдамсыз, сабырсыз анан дагы туруксуз болот.

Руханий байлыктын жоктугу

Мурунку муун китеп окуу жагынан алдына эч кимди салдырбаса, азыркылар интернетти пайдаланган жагынан алдыда.

Дүйнө таанымы кенен

Жаштардын дүйнө таанымы, ой жүрүртүүсу, ойлоп табуусу жогорку деңгээлде.

Өз көмөчүнө күл тарткандар

Азыркылар  кайдыгер. «Заман ушундай болсо эмне кылабыз» деген сөздү көп колдонушат.

Тууганчыл эмес

Улуу муун тууганчыл болушкан. Качанкы алты, жети атасы өткөн туугандары менен карым-катнашта болуп келген. Жаштар алты, жетини мындай кой бир ата, бир энеден тарагандарды да бир туугандыктан кечип, киришип-чыгышпай калды.

Мода деп улуу муундун кыжырын келтирет

Барган сайын ыймандан тайып баратат. Улуу, кичүүнү көзгө илбей улуу муундун кыжырын келтирет.

«Улууга урмат, кичүүгө ызат» деген сөз унутта калды

Жөнөкөйлүк деген жакшы сапаттардын көз жаздымда калып баратканында.