Ош шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Исраилов Үрүмчи шаарынын биринчи вице-мэри Сюе Пинь баштаган Кытай делегациясы менен жолукту.
Вице-мэр эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле жылдан жылга чыналып, кызматташууну үзбөй келе жаткандыгын айтып өттү.
“Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуу такай жүрүп келет. Соода-саттык, экономикалык жактан мамиле эки өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошууда. Анын ичинде Ош шаары Кытайдын көпчүлүк провинциялары менен инвестиция алакасында тыгыз кызматташабыз”, -деди М.Исраилов