Бүгүн Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен Орусия президенти Владимр Путиндин расмий жолугушуусу өтүүдө. Эки өлкө башчысы 25-апрель күнү кечинде бейформал жолугушуу өткөргөн.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, илим-техникалык, миграция жана гуманитардык багыттагы байланыштардын учурдагысын жана келечегин талкуулашмакчы.
Аны менен катар аймактагы жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышат. Расмий жолугушуу аягында тараптар бир катар документтерге кол коюусу күтүлүүдө.
Эки өлкө башчылары мамлекеттик, расмий жана жумушчу сапарлары менен тез-тез жолугушууларды өткөрүп, бир катар мүчө уюмдар (ШКУ, КМШ) алкагында маселелерди талкулап турушат.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун самити ушул жылдын июнь айында Ташкентте өткөрүлмөкчү. Ал эми Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин самити күз айларында Бишкекете өткөрүлө тургандыгы пландалууда.
Эске сала кетсек, кийинки мезгилде Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда кырдаал курчуп кеткен. Бул маселелерди бир аз жөнгө салуу максатында бүгүнкү жолугушууда да КМШ, ШКУ жана БУУ алкагында маселелер талкууланышы күтүүлөөрүн Кремилдин басма сөз кызматтары маалымдаган.
Ошондой эле Орусия менен Өзбекстан ортосунда Орто Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу соода-экономикалык кызматташуу жогорку деңгээде болду. Өткөн жылкы Орусиянын Өзбекстанга салган акыркы беш жылдыктагы инвестициясы 6 млрд доллардан ашкан. Анын көпчүлүгү нефть газ жана телекоммуникация тарабына жумшалат.
Эки өлкө ортосунда соода байланышы өткөн жылга карата 2,8 млрд долларды түзүп, анын 2,2 млрд Өзбекстанга экспорттолсо, 601,8 млн Өзбекстандан Орусияга импорттолот.
Андан сырткары эки өлкө ортосунда жетишилген маанилүүсү келишимдердин бири аскердик-техникалык кызматташуу болуп эсептелет.
Учурда Орусияда жүргөн өзбекстандык мигранттардын саны 2 миллионго жетет. Алар которгон акча 2015-жылы 3 млрд доллардан ашкан.
Ошондой эле илим, техникалык, спорт, туризм, гуманитардык багытта эки тараптуу кызматташуу өнүккөн.
Мурунку айда Орусия Өзбекстанга болгон 1 млрд долларга жакын карызын кечкен.