ЖКнын экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков Чыныбай Турсунбековду спикер болушу менен куттуктады.

“Жалпы ЖКнын атынан сизди куттуктайбыз. Чоң ишенимге ээ болдунуз. Буюрса мындан ары да парламентти сапатту жолуна чыгарасыз деп ишенем. Мамлекетибиздин келечегине бекем пайдубал түзөт деп көпчүлүк депутаттар ишеним көрсөттү”, -дейт А. Жээнбеков.

Белгилей кетсек, ЖКнын төрагасы болуп, 88 добуш менен КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков шайланды.

Бөлүшүү