Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонуна бир жылга чукулдап калды, биримдиктин алкагында мүчө болгон өлкөлөрдөн экспорт ачык жана оңой ишке ашырылышы керек эле. Ага Кыргызстандагы лабораториялардын талапка жооп бербегендиги жолтоо болууда.

вет и фит 3

Өкмөттүн кезектеги отурумунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын январь-март айларынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыгын талкуулап жатып, экономикалык абалды турукташтыруу менен экономикалык жактан өнүгүүнүн темпин жогорулатышыбыз керек деп белгилеген.

«Басымды көбүрөөк реалдуу экономикалык секторго жасашыбыз керек. Ал үчүн өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү потенциалына багытталган индустриализациялоо программасын иштеп чыгууну сунуштап, ата-мекендик продукцияны экспортко чыгаруу үчүн жана тийиштүү сертификаттарга ээ болуу үчүн фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды курушубуз керек», — деген ал.

Ошондой эле өкмөт башчы ЕАЭБге мүчө болгонго бир жыл болсо да лабораториялырдын курулушунан дайын жок экенин айткан.

«Мамлекет тарабынан колдоо керек. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна да кайрылууну ойлонуп жатабыз», — дейт өкмөт башчы.

 

Ал эми ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановдун айтымында, Кыргызстанда жалпысынан 28 лаборотория бар.

«Алардын көбү жарактан чыккан. Кыргызстанга анчалык көп лабораториянын кереги жок. Болгону негизгилерин оңдоп, кайра куруп ишке киргизизүү керек», — дейт К. Жумаканов.

Мындан тышкары, ал Бишкектеги жана Оштогу негизги лабораторияларды жаңылап, эл аралык акредитациядан өтө турганын кошумчалады.

«Аларга улуттук деген статусту беребиз. Орусия 1млн 800 миң доллар бөлүп берди. Керектүү жабдуулардын буйрутмасын бергенбиз. Учурда күтүп жатабыз. Ар бир жабдуу экиден келет. Бири Бишкекте калат, экинчиси Ошко жиберилет.» — дейт К.Жумаканов.

Андан сырткары зоналдык 5 лаборатория курулушу керек. Алар облустарда болот. Мамлекеттик инспекцияга мамлекет тарабынан колдоолор көрсөтүлүп баштаган. Казакстанга да буйрутмалар берилген.

«Ысык-Көлдөгү лаборатория 1938-жылы курулган. Эскилиги жетип иштетүүгө мүмкүн эмес. Башкаларынын абалы да ошондой. Баткен жана Талас облусуна керек. Ошондуктан түрттүрүп кайрадан куруу пландалып жатат. Параллелдүү түрдө иштеп жатабыз. Алардын эсеп-кысабы берилди. Эми каражат бөлүнсө куруу иши башталат» — дейт ал.

Жумаканов бул тармакта адистердин жетишпегенин белгиледи.

«Жакында аларды окутуу иштери башталган. 100гө жакын адис Маскөөгө окууга жиберилген. Чет жерден консультантарды да чакыруу пландалып жатат. Алар кызматкерлерди жеринен окутуп, керектүү нерселерди көрсөтүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп кетет. Адистерге жаңы ыкмалар менен иштөөгө туура келет. Анткени Орусиядан келе турган жабдуулар заманбап, мурункуларга окшобогон жабдуулар болот», -деди Жумаканов.

 

 

Бөлүшүү