Бирде күлкүнү келтирсе, бирде таң калтырган азыркы кыргыздарга тиешелүү жоруктар.

1Жыгылба дебедим беле

Кыргыз энелери балдары жыгылгандан кийин гана “жыгылба дебедим беле!” деп урушат.

2Кийинки жылы да кийесиң

Ата-энелер балдарына дайыма чоң кийим алып берет, анткени кийинки жылы дагы ошону киет.

3Тамтыгы жок “салфетка”

“Влажная салфетка” менен алгач бетти, колду, суммканы андан кийин бут кийимди сүрткөндөн кийин гана  ыргытабыз.

42 сомдун чыры

Коомдук унааларга отурганда капыстан саат жебеси 21:00дөн өткөнүн байкабай 10 сом берсеңиз «көкөтөйдүн ашындагыдай» эле чоң чыр башталат.

5Коноктор кеткенде жейсиң

Апалар балдарынан дайыма жакшы тамак-ашын коруп, «коноктор кеткенде жейсиң» дешет.

6Шашылбайт

Нурука кыргыздар дайыма чакырган жерге  кечигип барышат. Кокусунан эрте барып калсаң анда эки саат күттүртүп тажатат.

7Көрө албайт

Жакшы нерсени колдон, буттан алып көтөргөндүн оордуна жаман жагын чукуп гана турат.

8Түнкү үчтө чай ичет

Бир гана кыргыздар коноктон келгенде түнкү үч болсо да, туруп алып устукан менен чай ичет.

9Башкалар кетип өзүбүз калдык

Коноктор узагандан кийин ар бир экинчи кыргыздын төл сөзү: “Өзбек кетип өз калдык, эми өзүбүзчө чай ичели”.

10Көздөгөнүнө бара албаган пенсионерлер

Коомдук авто унаалар пенсионерлерди салбай кетет. Себеби алар 5 сом төлөйт да.

11Куттуу үйдөн куру чыкпа

Кыргыздар өзгөчө мейман дос эл келет. Үйүнө кирсең даам сызмайын чыгарышпайт.

12Кур кол конокко барбайт

Конокко бара турган болсо таттууларды жана башка нерселерди алып барышат. Кур кол барсан балдары алдындан чуркап чыгып «эмне алып келдин» дешип адамды уялтышат.