«Үчүнчү миң жылдыктагы психологиянын вектору» деген аталыштагы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген психологдордун 1-форуму өтүп, ага ЖКнын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, көрүнүктүү окумуштуулар жана башка эксперттер катышты.

Форумдун максаты — коомдун социалдык абалын анализдөө жана андагы социалдык-психологиялык курч маселелерди чечүү. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн арасында коомдогу агартуучулук, психологиялык жана социалдык көмөктөрдү өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясынын резоляциясын түзүү каралган.

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жумушсуздук менен экономикалык абал коомдун саламаттыгын начарлатып жибергенин айтты.

«25 жыл мурун эгемендүүлүккө жетүү менен коом социалдык жабыркоого туш болгон. Анткени ал убакта саясий, экономикалык абал өзгөрүп, адамдар жашоонун жаңы шарттарына даяр эмес болгон», — дейт К. Базарбаев.

Анын айтымында, Кыргызстанда ушул жылдын башынан тарта 15 миң жумушсуз адам жумушка кирип, кредитке ээ болуп же окууга мүмкүнчүлүк алган. Алардын 1025не Жаштар эмгек биржасы көмөк көрсөткөн.

 

 

Бөлүшүү