Бишкек шаарынын фонтандары ишке берилип, гүлдөр тигилет.
Мэриянын маалыматында, учурда 17 фонтан оңдоп-түзөөгө муктаж, анын экөө ишке берилди.
20-апрелден баштап шаарды көрктөндүрүү үчүн гүл отурузула баштаган. Учурда бул иштер кызуу жүрүп жатат. 20 000 ашуун көп жылдык жана бир жылдык гүлдөр эгилет. Курманжан Датканын эстелигинин алдына 3 450 даана кызыл түстөгү тагетес, 3 450 даана ак түзтөгү тагетес, 3 450 даана сальвия, 5 750 даана цинерария жана 8 050 даана агератум отургузулат.