Ош шаарында май айынын аягында жаңы мектеп ишке берилет.

500 оорунду, заманбап мектептин курулуш Казакстан каржылаган. Учурда курулуш иштеринин 95пайызы бүтүрүлдү, сентябрь айынан баштап окуучулар кабыл алынат.

 Сүрөт: oshcity

Мэр Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, кийинки жылдары жанына 200 окуучуга ылайыкташтырылган жатакана салынат.

“Мектеп облуста эле эмес Кыргызстан боюнча талапка жооп берген жогорку деңгээлдеги билим булагы болот”, —  дейт А. Кадырбаев.

Андан тышкары, ар бир окуу класстарында интерактивдүү такталар койуларын да  маалымдады.

 Сүрөт:oshcity

Мектеп курууга 102 миллион сом жумшалган.

Бөлүшүү