Крым татарлары Межилисин төрагасы Рефат Чубаров Орусиянын Жогорку Соту улуттук Межилисти экстремисттик уюм деп таап, ишмердүүлүгүнө тыюу салуусун мыйзамсыз деп атады.
Чубаров соттун чечиминен кийин Крым татарларынын Межилисине өзгөчө абал жарыялады.
Чубаров татарлардын чукул өткөргөн жыйынында Орусиянын Крымдагы прокурору Наталья Поколонскаянын Межилиске карата арткан дооматтары, жана соттун жыйынтыктары мыйзамсыз иш аракет экенин айткан. Межилистин башкы кеңсеси мындан кийин Киев шаарында жайгаша турганын sabah.com.tr маалымат порталы жазып чыкты.
Эске сала кетсек, март айынын башында Крымдын баш прокрору парламенттин ишин токтотуу боюнча сотко кайрылган эле. Соттун чечими 26-апрелде чыгып, баш прокурордун арызын канаатандырып, парламент ишмердүүлүгүнө тыюу салынган эле.