УИАнын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун чыгармачылык боюнча алтын медалына татыктуу болду.

Бул уюмдун  штаб-квартирасы  Швецариянын  Женева шаарында  жайгашкан. Сыйлыктын жердешибизге ыйгарылышы тууралуу бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун департамент жетекчиси Тамара Нарахакаана жылуу сөздөрдү айтып, академиктин “Манас” эпосун, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөдө, басып чыгарууда жана дүйнө жүзүнүн окурмандарына жайылтууда  кошкон салымын белгиледи.

Академик А.Акматалиевдин илимий эмгектери англис, немец, француз, япон, корей, кытай, түрк  жана башка тилдерде жарык көргөн.

Бул сыйлыкка өз мезгилинде Чыңгыз Айтматов татыктуу болгон.

А.Акматалиевди Жогорку Кеңешинин депутаты Наталья Никитенко, Улуттук интеллектуалдык менчиктин төрагасы Манас Абдыллабек уулу жана башкалар куттукташты.

 

Бөлүшүү