Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда кечээ саат 17:30да көлөмү менен 100 миң м3 жер көчкү түшүп, 1 убактылууга салынган үйдү басып калган.

Саат 18:00 чамасында ошол эле айылынын Башы участкасында 1,600 миң м3 жер көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган. Көчкү астында 2 баланы басып калган, бирөөсүн жергиликтүү тургундар тарабынан куткарып калышкан. 14 жашар бала калган көчкү астында изделүүдө.

ӨКМнын ыкчам топ жана райондук жарадык коргоо комиссиясы барышкан.

Эскерте кетсек, мындан 10 күн мурда ӨКМнын адистери, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жана Башы  участкаларында жер көчкү кооптулугу жогоруу экендигин эскертип, жарандарды турак жайлардан көчүрүп чыгарган. Ошондуктан жер көчкү астында калган турак үйлөрдө бир да жаран болгон эмес, ал эми жер көчкү астында калган бала талаада жүргөн.

Бөлүшүү