Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Бурул Сагынбаеванын айтымында, ал Орузбаеваны Касым Тыныстановдун жолун улантуучусу деп баалайт.

“Ал кыргыз тил илиминин ар тармактагы башаттарын татыктуу баштап кеткен. Анын уңгу менен мүчөнүн жалгашуу проблемасын мыкты изилдеген окумуштуу экендигин коңшу казак окумуштуулары да айтышат” – деди ал.

Ал эми анын бир тууганы Гүлмайрам Ноорузбаеванын айтымында, Орузбаева К.Тыныстановдун, И.Арабаевдин тил илимине кошкон салымы, жасаган эмгектери жөнүндө ачык айтып, ага жогору баа берген.

“Ал ошол учурда илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун жетекчиси болчу. Бийлик бул сөзүн туура эмес көрүп, аны партиядан чыгарып, институттун директорлугунан түшүргөн”, – деди Г.Ноорузбаева.