9-май Жеңиш күнүнө карата Бишкек шаарындагы согуштун ардагерлерине 15 000 сомдон акчалай жардам берилет.

“Шаардык мэриянын атынан, жергиликтүү бийликтен ардагерлерге жылына бир жолу берилүүчү 15 000 сом бөлүнөт. Булардын арсында Тылда эмгектенгендер, мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге жана ардагерлердин үй-бүлөөлөрүнө да акчалай жардам берилет”, — деп Saat.kgге Бишкек шаарынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Курманбеков билдирди.

Учурда 264 ардагер жашаса, алардын 203 жардамга муктаж.