Бир кезде кыргыз эли мурунку улуттук баалуулуктарын дээрлик унуткарып койгон эле. Убакыт өтүү менен алар кайра жанданып кыргыз экенин эстетүүдө.

Сүрөт:open.kg
Сүрөт:open.kg

Шырдак

Шырдакты кыргыз ченебегис мээнет менен жасап, абдан кастарлап пайдаланган. Ал бир кезде колдонуудан чыгып, ордун Ирандан, Түркиядан келген килемдер баскан эле.

Бирок кийин кайра жанданып кыргыздын улуттук брендине айланган. Кыргыздын шырдагына бөлөк элдер кызыкдар. Азыркы кезде жарманкелер, фестивалдар өтүп, шырдак жасоо менен алектенгендер чет өлкөлөрдөгү сынактарга чакырылып турат. 2012-жылы Юнесконун маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Сүрөт:super.kg
Сүрөт:super.kg

 Кийиз

Кийизден кыргыз үй тиричилигине керектүү жерге төшөлүүчү буюмдарды жана кийим-кече жасап кийген. Боз үйдүн жасалышына да керектүү негизги буюм болуп эсептелинет.

Ал дагы унутта калып бир кезде кайра жанданган. Азыр андан үй буюмдары жана улуттук оюм-чийимдер чөгөрүлгөн кийимдер, баштыктар жана баш кийимдердин түрлөрү жасалууда. Аталган буюмдар модага айланды. Чет өлкөлүктөрдүн да бүйүрүн кызытууда. 2013-жылы биринчи жолу эл аралык «Кийиз дүйнө» фестивалы өткөн.

кийим

 Улуттук кийимдер

Кыргыз элинин байыркы кийим-кечелери жашоо шартка, климатка, жаш өзгөлүккө карап тигилген. Кийин ал кийимдер улуттук майрамдарда гана кийилип калган. Чыгармачыл чөйрөдөгү адамдардын сахнага кийип чыкчу артист көйнөгүнө айланган.

Бара-бара байыркы кийимдердин заманбап үлгүлөрү тигиле баштап, азыркы убакта чапандар, көйнөктөр, белдемчи, чыптамалардын түрлөрү бар.  Оюм-чийимдер кошулуп тигилген улуттук кийимдерди азыр эл кадимки эле күнүмдүк жашоосунда кийип жүргөнгө өттү. Башында аялдардын кийимдери басымдуулук кылса, азыр эркектердин байыркы улуттук кийимдери да чыга баштады. Кыргыз дизайнерлери улам-улам чет өлкөгө каттап, сыйлыктарга ээ болушуп, өлкөнүн атын чыгарышууда.

зер буюм

Зер буюмдар

Чоң эне, таенелерден калган сөйкө-шакек, билерик, чач учтук дегендерди кыз-келиндер эски деп тагынбай калган эле. Кийин алардын жаңы, заманбап, ошол эле учурда улуттук үлгүнү сактап калган түрлөрү жасала баштады.

Зергерлердин шөкөттөрү кыргыз колоритин сактап, оюм-чийимдер чөгөрүлүп жасалгандыктан ага кыргыз аялдары гана эмес, чет элдиктер да кызыга баштаган.

Мурун кадимки стандарттуу түрдөгү алтын, күмүш буюмдарды сатып алгандар көп болсо, азыр улуттук зер буюмдарын саткан дүкөндөрдө кезек күтүп турган кыз-келиндер. Буйрутма менен жасаткандар бар. Бул дагы бир ата мекендик брендге айланды.

унаа

 Оюм-чийимдер

Кыргыздын оюм-чийимдерин эски буюмдардан гана көрүп калсак, азыр ал дагы байыркы элдин бир символу жана колорити катары кайра жанданды. Эми ал кийимдердин, азем буюмдарынын, мекеме жасалгаларынын, эс алуу жайларынын, унаалардын жасалгасында колдонулуп баштады.

Кыргыз десе бөлөк элдер оюм-чийимдерди элестете тургандай абалга келди. Мурун эл Европа тарапты туурап заманбап болгусу келсе, азыр улуттук орнаменти бар буюмдарды көбүрөөк тандап калды. Жакында оюм-чийимдерден турган таман таш (брусчатка) ойлоп табылды.

Сүрөт:obon.kg
Сүрөт:obon.kg

Кыргыздын кара жоргосу

Мурун мындай бийдин бар экени көпчүлүккө белгилүү эмес эле. Азыр аны билбеген жана бийлебеген кыргызды табуу кыйын. 2014-жылы 1000 адам катышкан бий фестивалы өтүп, аянтта ири флешмоб уюштурулган.

Бир кезде казак боордоштор талашып чыкты эле. Бирок кара жорго кыргыздыкы дегендин анык далилдери жок эмес.

Кара жоргого өзгөчө кичине балдар ышкыбоз. Уктап жаткан бала да тура калып бийлейт. Кыргыздын канында болгондуктанбы жада калса эненин ичинен жаңы түшкөн бала бийлеп жиберчүдөй сезилет.