Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Кореянын Кыргызстандагы элчиси Джонг Бенг Ху менен жолукту.

Жолугушуунун негизги максаты — кызматташуу. Биринчи вице-мэр Корея менен тыгыз байланышта болуп, эки өлкөнүн достук мамилеси чыңалып жаткандыгын белгиледи.

“Ош шаарында 100дөн ашуун Кореянын жарандары бар. Тарыхы улуу шаарыбызда алар ынтымакта, бакубат турмуш кечирип жатышат. Ош шаарынын мэриясы элчилик тараптан берилген сунуштарга ар дайым колдоо көрсөтөбүз”,- деди З. Аскаров.

Ал эми Джонг Бенг Ху билим берүү тармагына жардам болуш үчүн өткөн жылы өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерге китептерди белекке беришкендигин айтты. Быйыл дыйкандар үчүн семинарды Ош шаарында өткөрүүнү пландап жаткандыгын билдирди.

“Кыргызстандын түндүк тарабында жайгашкан үч облустун дыйкандарын атайын окуудан өткөрүп, айыл чарба багытын өнүктүрүүгө жардам берип жатабыз. Эми июнь айларында түштүк тараптагы багбандардын башын бириктирген чоң семинарды Ошто өткөрүүнү пландап жатабыз”,-деди Джонг Бенг Ху.

Бөлүшүү