15  жаштагы Эрлан Урматбек уулунун сөөгү бүгүн табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу saat.kgге ӨКМнын басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.

27-апрелде Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат участогунда жер көчүп, бир үйдү басып калган. Саат 18:00 чамасында жер көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган. Көчкү астында 2 бала калып, бирөөсүн жергиликтүү тургундар тарабынан куткарылган эле.

Он күн мурда жети үй-бүлөдөгү 12 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн, азыр алар туугандарынын үйлөрүндө жашап жатышат.

ӨКМнын маалыматы боюнча, айылдын туугандарына 1994-жылдан бери мамлекет тарабынан коопсуз аймактан көчүп кетүү үчүн жер тилкелери берилип, үй курууга акчалай каражаттар бөлүнгөн. Бирок жашоочулар коопсуз аймактан кетпей мыйзамсыз жашап жатышкан.

Бөлүшүү