Британиялык «Daily Telegraph» гезити Кыргызстанды туризми болуп көрбөгөндөй өнүгө турган өлкөлөрдүн катарына киргизип, алдыңкы орунга чыгарды.

кыргызстан

Кыргызстандын туристтик сезонго даярданып жатышы, күтүлүп жаткан үмүттөрү жөнүндө туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов жооп берди.

«Чет элдик басылмалардын Кыргызстандагы туризмдин потенциалын аныктап, жогору баалап жатканы биз үчүн сыймык жана бир тарабынан чоң жоопкерчиликти жүктөп жатат. Бизде кооз жерлер жана жаратылыш бар болгону менен сервисте, инфраструктурада, маркетингде кемчиликтер бар. Ошолорду жойгонго аракет кылышыбыз керек», — деген ойдо.

Ысык-Көлгө негизи 400дөн 600 миңге чейин туристтин келиши күтүлөт. Бирок болжолдуу түрдө быйыл андан да көп келиши керек. 7-майда өтө турган фестивалда Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан туроператорлор келет. Алар ошол жерден пансионат ээлери менен бетме-бет сүйлөшүп, жайкы сезонго келишим түзүп кетишет.

Бөлүшүү