Мындай чечимди Германиянын жогорку мыйзам чыгаруу органы Бундестаг кабыл алды.

«Буга чейин Немис өнүктүрүү банкы Кыргызстандын 13,5 миллион доллар карызын кечкен. Эми мындан ары эки тараптуу мамилелердин келечегин эске алып, биз кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча, дагы 14,9 млн евро кечтик», — деди Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Петер Рудольф.