“Битик” жазуусун өлкөбүздө эки жыл мурун активдүү изилдеп, жайылтуу аракеттерин көрө башташкан. Тарыхчы Элери Битикчи унутта калган жазуунун заманбап алфавитин түзүп чыккан эле. Анын жардамы менен “Көчмөн” коомдук фонду окутуу семинарларын өткөрүп келет.

Битик
Байыркы кыргыз жазуусу кыргыз тилинин фонетикасын толук чагылдырат

Байыркы кыргыз, түрк жазуусун жайылтуу иштери Кыргызстанда гана жүргүзүлгөн жок. Түркияда программаны мамлекеттик деңгээлде колдошот. Бир нече жылда Türk Dili Derneği уюму “Битик” жазуусуна 10 миңден ашуун кишини окутту. Ата-бабаларынын жазуусун азербайжандыктар да жандандырып жатышат.

Стамбулдагы семинарлар. Битикти бир нече саатта үйрөнүп алса болот
Стамбулдагы семинарлар. Битикти бир нече саатта үйрөнүп алса болот

Байыркы кыргыз тилиндеги алгачкы жазуулар биздин доордун III кылымына таандык. Таштарда алар согуштун жүрүшүн баяндап, кол башчыларын даңазалап же өз аймагын белгилеген жазууларды чегеришкен.

Ташка чегерилген жазуу
Кызыл менен белгиленген бөлүктө “кыргызуглымен” деген сөз жазылган
Активисттер бул жазуу менен футболкаларды чыгарышкан
Активисттер бул жазуу менен футболкаларды чыгарышкан

Битик жазуусун мындай максатта дээрлик баардык түрк тилдүү элдер колдонгон. Кылымдар өтүп, алар жазууну биргеликте жандандырууга аракет көрүп жаткан чагы. Анткени, түрк тилдеринин грамматикалык жана фонетикалык негиздери бирдей.

Бул багытта биринчи кадам ташталды. “Көчмөн” коомдук фонду менен түркиялык Türk Dili Derneği уюму Стамбулда түрк тилдүү өлкөлөрдө биргелешип “Битикти” жайылтуу келишимине кол коюшту.

Ал үчүн Кыргызстанда окутуу куралдарын чыгаруу көздөлүүдө. Андан тышкары, түрк тилдүү элдердин алфавиттерин жакындатууга аракет көрүлмөкчү.1

2

Бөлүшүү