Дүйнөдөгү эң ири Facebook соцтармагынын негиздөөчүсү кварталдык баяндамасын жарыялагандан кийин компаниянын акциялары бир нече саатта 30 млрд долларга кымбаттап кетти.

Кечээ NASDAQ биржасында жүргөн соодалашууда Марк Цукербергдин байлыгы эки саат ичинде $4,3 миллиардга өскөнүн Forbes журналы жарыялады. Баяндама бергенге чейинки соода сессиясында ишкердин байлыгы $47,5 млрд түзүп турган. 28-апрелде Бишкек убакыты боюнча саат 21:30га карата (NASDAQ’та соодалашуу 19:30да башталды) ал $51,8 млрдга жетти.

Цукербергдин байлыгынын өсүшүнө Facebook’тун 2016-жылдын биринчи кварталына карата берилген баяндамасы себепкер болду. Быйыл 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу компания көргөн таза пайда 1,5 млрд долларды түзүп, үч эсеге өстү. Жалпы кирешеси 57%га көбөйүп, $5,2 млрд түздү. Бир айда тармакты активдүү колдонгон адамдардын саны 15%га өсүп, 1,65 млрдга жетти, деп РБК жазып чыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү