Бул кадамын компаниянын эң ири акционерлеринин бири Apple’дин Кытайдагы абалына сарсанаа болгону менен байланыштырды. CNBC каналына берген интервьюсунда ал Кытай бийлиги Apple’ге карата чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн экендигин айтты.

Сүрөт: Bloomberg
Карл Айкан. Сүрөт: Bloomberg

Карл Айкандын компаниядагы акцияларынын баасы 4 млрд долларга бааланган эле. Миллиардердин жалпы байлыгы Forbes журналынын баалоосунда $17 млрд түзөт. Ал — көп багытта иш алып барган Icahn Enterprises холдингинин ээси.

2016-жылдын экинчи каржылык кварталынын жыйынтыгы боюнча Apple’дин жалпы кирешеси 13 жылдан бери биринчи жолу азайганы маалым болду. Былтыр ушул мезгилде ал $58 млрд түзсө, быйыл $50,6 млрдга чейин азайып кетти.

Экинчи кварталда iPhone’дордун дүйнөдө сатылышы 16%га төмөндөдү. Кытайда 26%га, ал эми АКШда 10%га аз сатылды. 27-апрелде компаниянын баяндамасынан кийин Apple’дин акциялары 8,2%га арзандап кетти.

Булак: РБК

Бөлүшүү