22-мартта Амур облусунда иштеп жүргөн 36 жаштагы кыргызстандык мигрант Саматбек Калбаев Орусия жарандарынын колунан набыт болгон. Өз мекенине кайтаарда 5 киши ур-токмокко алып, өлтүрүп, акчасын, баалу буюмдарын тартып алышкан.
“Артында үч баласы менен жаш жубайы калды, аларды ким багат? Биз Орусия өкмөтү курман болгон жарандын үй-бүлө мүчөлөрүнө 3 млн сомдон жана үч баласына 18 жашка чейин ай сайын жөлөк пул төлөп берүүсүн талап кылабыз”, — дейт “Жетинчи апрель күчтөрү” коомдук бирикмесинин өкүлү Манасбек Ахматов.
Бүгүн ушул талап менен Орусия элчилигинин алдында тынчтык митинги өтөөрүн кошумчалады.
“Тышкы иштер министрлигине да кайрылуу жасаганбыз. Эгерде бизди көз жаздымда калтырса, биз Орусиянын президентти Владимир Путинге да кайрылуу жасайбыз. Анда да майнап чыкпаса, биз эл аралык сотторго да кайрылганга даярбыз” — деп билдирди коомдук активист.