Ал өз сөзүндө 2016-жылдын 22-майында өтө турган «Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын чогула турган конгрессинде талапкерлигин көрсөтпөй тургандыгын белгиледи.
Ахмет Давутоглу 2014-жылы өкмөт башчылык кызматына келген. Ал ага чейин Түркиянын тышкы иштер министрлиги кызматын аркалаган. Ахмет Давутоглу илимпоз адам катары таанымал.
Учурда өкмөт башчысынын отставкасына байланыштуу ар кайсы өлкөдөн билдирүүлөр келүүдө.
Айрым талдоочуулардын пикиринде, премьер-министрдин кызматтан кетишине президент Режеп Тайып Эрдоган менен болгон келишпестиктер себеп болушу мүмкүн. Бирок Давутоглу өз сөзүндө эч качан президент тууралуу жаман сөз айтпастыгын билдирген.
Ахмет Давутоглу өкмөт башчылыкты жетектеп турганда Түркия оор сыноолордон өттү. Алардын эң негизгиси, өлкөгө коркунуч жараткан экстремисттик «Күрт жумушчулдар партиясы» жана «Ислам мамлекети» топтору менен күрөшүү, Сирия маселеси, качкындар маселесин чечүү, Европа Биримдиги менен визалык келишим жана Орусия менен чыңалуу болгон.
Азырынча анын ордуна ким келери белгисиз. Haberler.comдун жазганына караганда АК партиядан 3 талапкер көрсөтүлөөрү болжолдонууда.
Башкаруучу партиянын лидерлигине талапкер катары жана өкмөт башчылыгына транспорт министри Бинал Йылдырымдын жана президенттин күйөө баласы, энергетика министри Берат Албайрактын ысымын атоодо.
Андан сырткары Юстиция министри Бекир Боздаг да талапкер болушу мүмкүн.