Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги Гуанчжоу шаарында чакан ГЭСтер боюнча эл аралык Сheng Xialei борбору менен меморандум түздү. Кытайлык борбор UNIDO уюму менен биргеликте ГЭСтердин долбоорлорун түзүүгө, каржылоого жана инвестор табууга көмөктөшмөкчү.
UNIDO – БУУнун индустриялык өнүктүрүү боюнча уюму. Кытай өкмөтү биргеликте Сheng Xialei борборун түзгөн. Ал калыбына келе турган энергиянын булактарын өнүктүрүү, өзгөчө чакан ГЭСтерди жайылтуу иштерин жүргүзөт.
Экономика министрлиги билдиргендей, 6-майда Кыргызстан уюм менен кызматташуу боюнча келишим түздү. Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү Кытай бизнесмендери менен жолугуп, Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди потенциалы жөнүндө айтып берди.
Апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков Кытай Кыргызстанда 950 мегаватт кубат бере турган ГЭС курууга даяр экенин билдирген эле.