Бүгүн кыргыз сому кабыл алынган күн. ССРБ таркагандан кийин постсоветтик өлкөлөрдөн биринчи болуп 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарган. 

Алгачкы жолу эң чоң 20 сом болсо, бир канча жылда жогорулап отуруп, 2009-жылы 5000 сомго чейин чыкты. Кыргыз акчасы жасалгаланышы, корголгон элементтери, түстөрү жана сапаттары боюнча  дүйнөдө кандай ийгиликтерге жетишкен?

Алгачкы кыргыз акчасы
Алгачкы кыргыз акчасы

Улуттук банктын тарыхында биринчи жолу 5000 сом «2009-жылдын банкнотасы» аттуу эл аралык конкурсунун финалына чыккан. Бул эл аралык банкноттук маалымат уюму IBNS (International Bank NoteSociety) эл аралык кагаз акча коллекционерлер ассоциациясы менен кызматташып, алар дүйнөдөгү акчалардын түстөрү, дизайны, корголгон элементтерди, көркөм жасалгаланышы боюнча баалайт.

5000_som_2009_ob

Андан башка 2011-жылы 1000 сом номиналындагы банкнота банк технологиялар боюнча көз карандысыз эксперттик изилдөө жетекчилиги тарабынан сунушталып, ал статистика комитетинин эл аралык акча өнөр жай ассоцациясына азыркы акчалардын сапаттуулугу аттуу конкурска катышкан. Мындан тышкары, 1000 сом бир эквиваленттик баасынын 3 купюрасын изилдөө үчүн тандалып алынган: 2010-жылы чыккан банктоноттордун сапатын жалпы баалоо боюнча 1000 сом экинчи орунду ээлеген. Анда 50 Америка доллары, 50 евро жана 1000 орус рубли катышкан.

1000_som_2010_ob

Калыстардын айтымында, 1000 сом кагаздын сапаты, суу белгисинин сапаты, банкноттун оптималдуу өлчөмү, майда текстеринин (кыргыз сому дүйнөдө биринчи жолу чакан сүрөттө текст элесин колдонулган валюта) мыкты болгон.

Комплексинин коопсуздугун эске алуу жагынан кыргыз сому дүйнөдөгү абдан корголгон банкноттордун бири болуп саналат. Жаңы банкнотторду киргизүү менен Улуттук банк дайыма  коргоо элементтерин колдонууга аракет кылат.

Кыргыз Республикасынын коллекциялык монеталары дагы эл аралык деңгээлде таанылып, татыктуу абройго ээ. Алсак, Чыңгыз Айтматовго арналган күмүш монеталардын сериясы Санкт-Петербург шаарында өткөн “Монеталар топтому — 2010” төртүнчү эл аралык сынакта «БИБЛИО-ГЛОБУС» соода үйүнүн ардак диплому менен сыйланган.  Ал эми “Улуу Жибек жолу” сериясынын күмүш коллекциялык монетасы 2013-жылы Берлин шаарында «Krause Publications» басмаканасы тарабынан өткөрүлгөн “Жылдын мыкты монетасы” сынагында “Өзгөчө тарыхый мааниге ээ монета” номинациясынын жеңүүчүсү болду.

«Кыргызстандын тарыхый эстеликтери жана архитектурасы” сериясынан “Саймалуу-Таш” күмүш коллекциялык монетасы “Монеталар даражасы — 2014” эл аралык сынагында “Жылдын күмүш монетасы” номинациясында үчүнчү орунга татыктуу болгон.

Кыргызстандын коллекциялык монеталары жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык сынактарга дайыма активдүү катышып келет.